Ирандын президенти Ибрахим Раиси каза болду

Ирандын президенти Ибрахим Раиси каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалымдалгандай, анын тик учагы 19-майда түштөн кийин кулап, байланышты токтоткон. Экипажды издөө 12 сааттан ашык убакытка созулду.

19-майда Раиси Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушкан. Расмий иш-чаралардан кийин ал тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан менен бирге Bell-212 тик учагына отуруп, Тегеранды көздөй учкан. Президенттин тик учагы абага көтөрүлгөндөн болжол менен 30 мүнөттөн кийин Азербайжандын чыгышында коюу тумандан улам кулап түшкөн.

"Ирандын президентин коштоп жүргөндөрдүн баары, анын ичинде тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан тик учактын кулашынан каза болду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан