Биз социалдык тармакта

Бишкекте имараттардын тышкы көрүнүштөрүн оңдоо иштери уланууда 

Бишкек шаарында имараттардын фасаддарын жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Свердлов районунда Ибраимов көчөсүндөгү №57 үйдүн фасадын сырдоо иштери аяктады.

Ага ылайык, "Бишкекбашкыархитектура" ишканасы иштеп чыккан алдын ала долбоору боюнча имараттардын фасаддары жасалып, боз-көк боёк менен сырдалды.

"Аталган имараттын жашоочуларынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин колдоосу менен имараттын фасадын жаңылоо иштери аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер Чүй проспектиси, 50, Москва, 49, 51 даректеринде өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан