Өлкөдө акыркы 4 айдын ичинде 36 бала өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев билдирди.
Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп.
"2024-жылдын 4 айынын ичинде балдар тарабынан өз өмүрүн кыюу боюнча 36 факты катталган. Былтыркы жылга караганда 20 пайызга көп. Анын ичинен 25и эркек балдар, 11и кыздар", - деди ал.
Ошондой эле Аширхожаев жашы жете элек 17 бала сууга чөгүп каза болгонун кошумчалады.