Бишкектин Свердлов районунун бардык 8 муниципалдык аймактык башкармалыктарында баңгизат каражаттарын көчөдө жарнамалоону жоюу боюнча профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, баңгизатын колдонууга үгүттөгөн жана аларды колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө байланыш маалыматтарын камтыган жазуулар сырдалып, тазаланды.
"Иш-чаранын максаты – имараттарга жана курулуп жаткан объектилерге жазылган "сырткы жарнамалар" аркылуу психотроптук заттардын жайылышына бөгөт коюу, жарандарды сергек жашоого үндөө, баңги жана психотроптук заттарга болгон суроо-талапты азайтуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.