Биз социалдык тармакта

Эмгек министрлиги: Орусиядагы мигранттар төлөнбөгөн эмгек акыларын алды

Орусияда эмгектенген кыргыз жарандары төлөнбөгөн эмгек акыларын алышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Эмгек министрлигинен билдиришти.
Билдиргендей, жыл башынан бери 451 кыргызстандык министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө төлөнбөгөн эмгек акылары боюнча кайрылган. Натыйжада 267 кыргызстандыкка кечиктирилген эмгек акысы төлөнүп берилген. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 17 миллион 660 миң 200 рублду түзгөн.
"Өкүлчүлүк эмгек келишиминин жоктугу кызматкердин эмгек укуктарын, анын ичинде эмгек акы алуу укугун коргоодо олуттуу тоскоолдук болушу мүмкүн экенин эскертет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик эмгек акы төлөнбөгөн учурда, өндүрүштүк жарааттан улам ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана башка компенсациялар үчүн Орусияда жүргөн кыргызстандыктар Москва шаарында жайгашкан өкүлчүлүгүнө кайрылса болорун эскертти.
Дареги: Москва шаары, Малая Поляна көчөсү, 7 үй, 5-корпус. Телефон номери: 8 495 197 76 71; +7 925 030 26 27 (Whatsapp).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан