Новиков Кыргыз-Орус фондунун төрагасы болуп кайрадан дайындалды

Артём Новиков Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Новиков аталган кызматка ушул жылдын 21-майынан тартып 3 жылдык мөөнөткө дайындалды.

Эске салсак, Артём Новиков 2021-жылы 20-майда 3 жылдык мөөнөткө Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан