MEGA кыргызстандык айымдарды Энелер күнү менен куттуктады

19-майда Кыргызстанда эң жаркын жана сүйүктүү майрамдардын бири – Энелер күнү белгиленди. MEGA компаниясы социалдык жоопкерчилигинин алкагында көп балалуу энелерге жагымдуу маанай тартуулады.

Мамлекеттик уюлдук байланыш оператору «Баатыр эне» наамына ээ болгон Тынаркүл Айдаралиеваны биринчилерден болуп куттуктады. Ал 8 баланы тарбиялаган. Ардактуу эс алуудагы баатыр эненин 23 небереси, эки чөбүрөсү бар.

Андан кийин компаниянын кызматкерлери 9 баланын апасы Астра Дүйшөнбиева менен алты балага татыктуу тарбия берген Гүлнара Фаткулинанын үйүндө болушту. Оператор-байланышчы болуп эмгектенип, өмүр жолун байланыш тармагына арнаган ардагер апабыздын 18 небереси жана үч чөбүрөсү бар.

MEGA кызматкерлери Ысык-Көл облусунун эң кооз жеринде жайгашкан «Мээрим Булагы» балдар үйүнө да барып, 157 баланы тарбиялап жаткан Гүлнара Дегенбаевага да жолугуп, майрамдык белектерин тартуулашты.

«Энелер күнү – биздин жүрөгүбүзгө эң жакын болгон, биз үчүн эң кымбат болгон адамдарыбызга – апаларыбызга арналган майрам. Жарык дүйнөгө келген күнүбүздөн тарта ыйык энелик мээримге жана камкордукка бөлөнөт эмеспизби, эненин сүйүүсү өзүбүзгө ишенүүгө, жашоодогу кыйынчылыктарды жеңүүгө, ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Биз канча жашта болсок да апабыздын жылуу сөзүнө, анын мээримдүү көз карашына жана акылман кеңешине муктажбыз», – деп белгилей кетишти компания кызматкерлери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан