Өлкө аймагында бир жума ичинде 19 миң 779 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Кабарлангандай, мындай көрсөткүч 13-майдан 19-майга чейинки аралыкта катталган.
Жол эрежелерин бузуу фактылары:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 327;
- Мас абалында унаа башкаруу - 210;
- Унаа терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 54;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 810;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 миң 78;
- Авто ээнбаштык - 4;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 200;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 94;
Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1437 унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.