Депутат Кадырбеков чет элдик студенттердин агымын жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтты

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кенештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков чет элдик студенттердин сабалышы боюнча маселе көтөрүп, алардын агымын жоготуп алуу коркунучу бар экенин айтты.

"Кыргызстанда бир топ окуу жайлар ушул чет өлкөдөн келген студенттердин эсебинен байып, бир топ иштерин бүтүрүп алды. Ош мамлекеттик университетти инфраструктурасын жаңылап алды. Анткени эң көп чет өлкөлүк студенттер, 15 миң 654 студент ушул жакта окуйт экен. Алардын көпчүлүгү Индиядан, Пакистандан келип, медицина тармагында окугандар. Казактар менен өзбектер бизге суктанат экен, "кантип ушуларды тартып алдыңар?" деп. Эми агым ошол жактарга кетип калбасын.

Анча-мынча түшүнбөстүктөн, жаш балдардын кызуу кандуулугунан Кыргызстан жөнүндө ушундай имидждин болушун каалабайм. Окуу жайлар ошол студенттин контрагын алып байышты жакшы эле билип жатасыздар. Бирок эмнеге коопсуздугун карабайсыздар? Ички иштер министрлиги менен келишим түзүш керек болчу. Карасаңыздар, аркасынан кубалап кирип жатат, тепкилеп жатат, эшигин талкалап жатат, ортого түшкөн эч ким жок", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Кадырбеков билим берүү дүйнөдөгү өтө чоң бизнес экенин, билим алган чет элдиктер келечекте өлкө атын гана чыгара тургандар экенин белгиледи. Андан сырткары ал мындан башка өлкөлөрдөн мигранттар келбей турганын айтты.

Жогорку Кеңеш 20.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан