Бүгүн, 21-майда Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидромет билдиргендей, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +18…+23,
Талас жергесинде +17…+22
Баткен облусунда +21…+26
Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26
Ысык-Көл облусунда +17…+22
Нарын облусунда +20…+25
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы +20…+22° жылуу болот.