Биз социалдык тармакта

Бишкекте 70 жаштагы Осмонбеков дайынсыз болууда

Бишкекте 1954-жылы туулган Курманбек Осмонбеков изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда милицияга О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал бир тууган агасы ошол эле күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айтып, издөөнү суранган.

Өзгөчө белгилери: оң бутуна аксайт.
Кийген кийимдери: кара спорттук шым, ак түстөгү көйнөк.
Милиция дайынсыз болуп жаткан адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды кабарлап коюуну суранат. Байланыш номурлар: 0312 56 32 48, 0507 231 298 же 102.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан