Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет элдик студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Министрлик жолугушуу кечээ, 20-майда болуп, анда студенттерди окутуу, коопсуздук жана ден соолукту чыңдоо боюнча маселелер талкууланганын билдирди.
Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.