Биз социалдык тармакта

Суу камдап алгыла. Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу берилбейт

Эртең, 22-майда Бишкектин кээ бир аймактарында таза суу убактылуу берилбейт. Бул маалыматты мэриядан билдиришти.

Мындай чара «Сельский» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу кабыл алынды.

Эртең саат 9:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү даректерде суу болбойт:

  • Тунгуч кичи району,
  • Рухий Мурас
  • 44 га конуштары.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан