Кант шаарына таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды

Кантка таштандыларды кайра иштетүүгө инвестиция тартылды. Бул тууралуу Чүй облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалымдалгандай, Кант шаардык мэриясы менен “Таза Био Сервис” ЖЧКсынын ортосунда “Калдыктарды сорттоо пунктун түзүү жана катуу тиричилик калдыктарынын жалпы массасынан пайдалуу функцияларды бөлүп алуу үчүн таштандыларды автоматтык түрдө сорттоочу линияны ишке ашыруу, экинчи зат катары пайдалануу жана жер участогун тегиздөө, рекультивациялоо” боюнча меморандумга кол коюлду.

Ага ылайык, алгач 10 миллион сом инвестиция тартылса, андан ары долбоорду толук ишке ашыруу үчүн дагы 90 миллион сом инвестиция тартылуу алдында турат.

"Кант шаардык мэриясынын балансында турган 11,2 гектар таштанды полигону боюнча ишке ашырыла турган “Экотехнопарк “Сары-Өзөн” долбоорунун негизинде келечекте RDF- күйүүчү май (топливо) заводун куруп, 100 адамды жумуш орду менен камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары жыйында күйүүчү майды Кант цемент заводуна сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан