Кыргыз мушкери Жеңишбек Мамбетов коңшу Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн UNIFIGHT боюнча Азия чемпиондугунда алтын байге утту.
Ал Азия чемпиондугуна 77 килограмм салмакта катышып, алтын байге уткан. Дагы бир кыргыз мушкери Азат Иманкулов 95 килограмм салмакта коло байгеге ээ болду.
Универсалдуу мушташ боюнча Азия чемпиондугу 15-майда Ферганада башталып, турнир 20-майда аяктады.