Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас шаарындагы аэропорттун салтанаттуу ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.
Жапаров 1979-жылы учактарды жана тик учактарды эксплуатациялоо үчүн курулган “Талас” аэропорту дагы Советтер Союзу таркагандан бери ишин токтоткондугун, кийин болсо учуп-конуу тилкесин толугу менен оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгына жана аэродромдун жасалма төшөлмөлөрүнүн эскилиги жеткендигине байланыштуу жабылгандыгын белгиледи.
Президент белгилегендей, өлкөнүн Министрлер кабинетинин жана “Манас” эл аралык аэропортунун биргелешкен аракети менен "Талас" аэропортун реконструкциялоо долбоору ийгиликтүү ишке ашырылды. Бир жылдын ичинде эл аралык ченемдерге ылайык аэродромду калыбына келтирүүгө жетишти. Саатына 100 кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар жаңы аэровокзал жана модернизацияланган учуу-конуу тилкеси – жаңыланган аэропорт комплексинин негизги элементтери болуп калды.
Өлкө башчысы Кыргызстандын аэропортторун жандандыруу долбоору Талас менен гана чектелбегенин айтып өттү.
"Маселен, учурда “Каракол”, “Тамчы” эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстерин куруу боюнча иштер кызуу жүрүп жатат. “Нарын” облустук аэропортунун аэробекетин куруу боюнча иштер толугу менен бүткөрүлүп, бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесине оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Ушу тапта “Казарман”, “Кербен”, “Баткен” аэропортторунун учуп-конуу тилкесин ондоп-түзөө боюнча иштер аягына чыгып калды. Ал эми “Баткен” эл аралык аэропорту жер-жерлерден келген учактарды кабыл алууда. “Манас” эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алды", - деди Жапаров.