БУУ Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленскийди мамлекет башчысы катары таанууну уланта турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Формалдуу түрдө Зеленскийдин мамлекет башчысы катары ыйгарым укуктары кечээ, 20-майда аяктаган, бирок өлкөдөгү аскердик абалга байланыштуу анын ыйгарым укуктары автоматтык түрдө узартылган.
Өз кезегинде Дүйнөлүк уюмдун башчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик Зеленский БУУда Украинанын лидери бойдон кала берерин билдирген.
"Президент Зеленский биз үчүн Украинанын мамлекет башчысы катары кала берет", - деген БУУнун өкүлү.
Украинада президенттик шайлоо 2024-жылдын 31-мартында, ал эми жаңы шайланган мамлекет башчысынын инаугурациясы май айында өтүшү керек болчу. Бирок шайлоо аскердик абал жана жалпы мобилизация деген жүйө менен жокко чыгарылган.
Владимир Зеленский 2019-жылы Украинанын президенти болуп шайланып, ошол эле жылдын 20-майында кызматына киришкен.