Бишкектин Көлмө конушунун Максат көчөсүндөгү китепкананын курулушу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда 1-кабатына кирпич коюу иштери жүрүп, 3-кабаттын монолиттүү полун бекемдөө иштери жүрүп жатат.
"Долбоор көп функциялуу, окуу жана абонемент бөлмөлөрү бар, 3 кабаттуу имарат. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 гектар, жайлардын жалпы аянты 622,62 чарчы метрди түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, долбоор биринчи жана экинчи кабаттарда 78 адамга ылайыкталган окуу залдарды, кызматкерлер үчүн кеңсе жана техникалык бөлмөлөрдү камтыйт.