Бишкек мэри жумушка өз унаасын айдап келгендерге эскертүү берди. Алар кимдер?

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасын аткарбаган кызматкерлер аныкталып, жетекчилерине эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, калаа башчысы муниципалдык мекеме жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жуманын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган. Мындай чечим экологиялык абалды жакшыртууга, коомдук транспорттун абалын көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын арттырууга багытталган.

Ага ылайык, кызматтык унаалар шашылыш учурларда гана колдонулмак.

"Тийиштүү көзөмөл болбогондугу үчүн калаа башчысы борбордук аппараттын жетекчиси Исаковго жана уюштуруу-контролдук иштер башкармалыгынын башчысы Акматбековго эскертүү берди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кызматкерлери жеке унаа менен келген мекемелердин жетекчилерине дагы эскертүү берилген:

  • Биринчи май администрациясынын акими Сарылбек уулу Улан;
  • Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов;
  • Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору Уран Мусаев;
  • Муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев;
  • "Бишкексууканал” ишканасынын башчысы Чыңгыз Жумалиев;
  • "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысынын биринчи орун басары Азирет Акимов.

Эскертүү алган жетекчилер башкарган мекемелердин канча кызматкери жеке унаасы менен келген:

  • Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департамент - 5 кызматкер;
  • Свердлов райондук администрациясы - 4 кызматкер;
  • "Бишкексууканал" МИ - 4 кызматкер;
  • Биринчи май райондук администрациясы -3 кызматкер;
  • "Бишкекбашкыархитектура" МИ - 2 кызматкер;
  • Муниципалдык инспекция - 1 кызматкер.

Мындан тышкары Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Караев Бакыт Өмүрбековичке жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Назгүл Койбагаровага сөгүш жарыяланган.

Калаа башкармалыгы берилген тапшырманы аткарбаган кызматкерлерге чара көрүү боюнча тапшырмалар берилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан