«О!Деньги» финансылык сервиси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтүүнү улантып, кыргызстандыктарга ыңгайлуу технологиялуу чечимдерди сунуштайт. Эми «Түндүк» порталындагы санариптик документтерди жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү «Мой О!» мобилдик тиркемесинен пайдаланса болот. Сервис санариптик документтерди колдонууга жана аларды талап боюнча көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Санариптик документтердин күчү түп нускадагы кагаз документтерге барабар.
Маанилүү документтер эми ар дайым кол алдыңызда болот:
Мындан тышкары тиркемеде «Түндүктүн» төмөнкүлөр сыяктуу 50дөн ашуун популярдуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү:
«Мой О!» тиркемесинен «Түндүк» порталына кирүү мүмкүндүгүн алуу оңой:
«Түндүккө» кайрадан кирүү үчүн Face ID’ни, манжанын изин же PIN-кодду колдонуу жетиштүү.
Белгилей кетели, сервис акысыз жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемесинин колдоосу менен ишке ашырылды.
«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.