Бүгүн, 21-майда Бишкектен Пакистанга алты чартердик каттам учат. Мындай маалымат "Манас" аэропортунун расмий сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, Бишкектен учуп чыккан учактар Пакистандын Исламабад, Пешавар жана Лахор шаарларына конот. Биринчи рейс 04:15те учуп кеткен, акыркысы Пешавар шаарына саат 16:30га пландалган.
Учуп кетип жаткандардын басымдуу бөлүгү студенттер.
Аэропорттун каттоо залындагы абалды аэропорттун коопсуздук кызматкерлери менен милиция көзөмөлдөп жатат.