Адылбек Бийбосунов Бангладештин Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Бүгүн, 21-майда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Ислам Мухаммад Монирул менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Билдиргендей, тараптар коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылууда өлкөлөр ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ага ылайык, Адылбек Бийбосунов бүгүнкү күндө өлкө аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандарынын, өзгөчө студенттердин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча министрликтен ар тараптуу чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирген.

"Ал эми элчи Ислам Мухаммад Монирул кырдаалдын турукташуусуна үмүт артып, ар тараптуу кызматташууга даяр экендигин белгилеген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан