Кытайдын ЖОЖдоруна документтер кабыл алына баштады

Кытай Эл Республикасынын Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы (СУАР) жогорку окуу жайларына билим алуу үчүн документтерди кабыл алуу жүрүүдө. Бул жөнүндө Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.
2024-2025-окуу жылына карата бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга жана тил такшалмасын өтүү үчүн конкурс жүрүп жатат.
Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер онлайн системасында “2024-2025-окуу жылына карата Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндө керектүү талааларды толтуруп, ошондой эле 2024-жылдын 10-июну саат 23:59га чейин талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек.
Системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине (бакалавр, тил боюнча такшалма, магистратура жана докторантура) ылайык жүргүзүлөт.
Стипендиялык программага катышуу боюнча маалыматты иш күндөрү күн сайын саат 15:00дөн 17:00гө чейин (+996 312) 621519 номери аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду moin.mo@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.
Толук маалымат шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан