Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан күчөтүлгөн тартипте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин так сакталуусу боюнча текшерүү иштери Ош шаарындагы муниципалдык унаа базарында улантылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, санитардык ченемдерди сактабаган бир катар ашканалар аныкталды. Тамактануучу жайлардын ээлерине кемчиликтерди жоюуга жана санитардык талаптарга ылайык иретке келтирүү үчүн 5 күндүк убакыт берилди.
Ага ылайык, санитардык көрсөтмөлөр, протоколдук эскертүүлөр берилип, талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү эскертилди.