![](https://www.super.kg/upload/janylyk/2024/05/2077508101.jpg)
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-мартта милицияга С.П. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 19:00 чамасында Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан батиринен баасы 70 миң сом турган iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун уурдатканын айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.