Биз социалдык тармакта

Сулайман-Тоодогу Үӊкүр музейи убактылуу жабылды

Сулайман-Тоодогу туристтик жолдор жана Үӊкүр музейи убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы маалымат берди.
Ага ылайык, тиешелүү кызматтар тарабынан Сулайман-Тоонун кооптуу аймактарына мониторинг иштери жүргүзүлүп, таш кулап түшүү кооптуулугу бар аймактар аныкталган.
Бул кырдаалга байланыштуу жарандардын коопсуздугу үчүн тоодогу туристтик жолдор жана Үӊкүр музейи коопсуз абал түзүлгөнгө чейин убактылуу жабылды.
Учурда музей комплекси тарабынан жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан