Камчыбек Ташиев Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы менен жолугушту (фото)

Бүгүн, 21-майда УКМКнын төрагасы – Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев 24-майда Бангкокто өтө турган лицензиялык олимпиадалык турнирге катыша турган бокс боюнча курама команда менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев улуттук курама командага олимпиадага лицензия алууда ийгиликтерди каалап, спортчуларды өжөр жана тайманбас болууга чакырып, өлкө жетекчилиги да аларга өзгөчө көңүл буруп, жакшы жыйынтыктарга жетишүүсү үчүн ар тараптуу шарттарды түзүп жатканын кошумчалады.

"Спортчулар жана машыктыруучулар өлкө президентине жана Улуттук бокс федерациясынын вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да өлкөнүн желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарга ээ болуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандарын айтышты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган турнирге Кыргызстандан бокс боюнча 6 спортчу катышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан