Биз социалдык тармакта

"2,8 миллиард сом жумшалды". Таласта “Бала-Саруу” ГЭСи ишке киргизилди

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бала-Саруу” кичи ГЭСи Киров суу сактагычынын төмөнкү бьефинде жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генератору менен курулган. Электр энергиясынын орточо жылдык иштеп чыгуусу 92 миллион кВт/саатты түзөт. Бул Талас облусунун эки районунун 19 миң абонентинин электр энергиясына болгон керектөөсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Президент дал ушул жерге 2021-жылдын август айында келип, “мезгил кутусун” салуу менен ГЭСтин курулушу башталганын эске салды.

“Келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду “Орто-Токой” жана “Папан” суу сактагычтарында ишке ашырууну мерчемдеп жатабыз. Буюрса, тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, жакын арада бул объектилерде жаңы ГЭСтер курула баштайт”, - деди Жапаров.

Мамлекет башчысы андан соң баскычты басып, кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч гидроагрегатта электр энергиясы өндүрүлө баштады.

“Бала-Саруу” ГЭСине жалпы жонунан 2,8 миллиард сом жумшалды, анын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун да салымы бар. Бул суммага гидроэлектростанциянын имаратынын курулушу, 110 кВт жабык бөлүштүрүүчү түзүлүштө жабдууларды монтаждоо, эки күч трансформаторун орнотуу жана узундугу 6,7 чакырым болгон “Бала-Саруу” – Кара-Арча жана “Бала-Саруу” – Покровка электр берүү чубалгыларын куруу иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан