Эртең, 22-майда айрым аймактарда жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Маалыматка караганда, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.