Садыр Жапаров Таласта жыйын өткөрдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда Талас облусун өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун башчысы Нурлан Дарданов 2023-жылы аткарылган иш-чаралар жана 2024-жылга пландар тууралуу маалымат берди. Ыйгарым укуктуу өкүл жолдорду, мектептерди, кичи ГЭСтерди, жаңы калкты тейлөө борборун, көп кабаттуу турак жайларды жана стадионду куруу долбоорлору менен тааныштырды.

Президент Жапаров бул долбоорлордун калктын турмушун жакшыртуу жана экономикалык өсүш үчүн маанисин белгилеп, интенсивдүү иштөө жана анын тапшырмаларынын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан