Салык кызматы Талас облусунун Ак-Калпак айылындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майды (дизель отуну) мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган кызматтан билдиришти.
Маалымдалгандай, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан жалпы көлөмү 9,5 тоннага жакын дизелдик отун майы табылды.
Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз жүгү бар транспорт каражаты айып короо жайына токтотулду.
"Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоодогу активдүү иштерин улантууда", - деп айтылат маалыматта.