Капчык менен коштошуу мезгили келди! Эми бардык документ жана акчалар BakAi тиркемесинде

Капчыгыңызды унутуп үйгө калтырып коюптурсузбу? Бул көйгөй эмес! BakAi тиркемеси сиздин смартфонду акчаңызды гана эмес, баалуу документ-кагаздарыңызды алып жүргөн толук кандуу онлайн-капчыкка айландырат!

"Түндүк" тиркемесиндеги бардык санариптик документтер бир жерге — BakAi тиркемесине бириктирилди. Эми желим карталар жана кагаздан жасалган ID-карта, айдоочулук күбөлүк жана башка маанилүү документтердин баары смартфонуңузда эле жеткиликтүү болот. Баса, мунун баары акысыз!

Бул кызматтан пайдалануу үчүн BakAi’дын “Кызматтар” бөлүмүнө кирип “Түндүк” баскычын тандаңыз.

Ага алгачкы жолу кирүү болгону үч жөнөкөй кадамды камтыйт:

  • Идентификациялоонун бирдиктүү системасынын паролун жазыңыз;
  • ОТР-кодду алуу ыкмасын тандаңыз;
  • ПИН-кодду териңиз.

Кийинки кирүүлөр FaceID, манжа издери же ПИН-кодду колдонуунун жардамында андан да оңой, ыңгайлуу болот.

Ал эми жакын арада BakAi тиркемесинин өзүндө электрондук кол коюну ишке ашыра аласыз!

BakAi — колуңузга акчадан тышкары бардык документтерди алып жүрүүгө мүмкүндүк берген жаңы онлайн-капчыгыңыз. BakAi’га өтүп, санариптик дүйнөнүн бардык артыкчылыктарынан ырахат алыңыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан