Эми вебкам-студиясын уюштургандар жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам комитетте колдоо тапты

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында вебкам ишмердигин уюштургандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорун вице-спикер Нурбек Азыгалиев баштаган 12 депутат демилгелеп, иштеп чыккан. Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) “Атайын аянтчаны (веб-камера студиясын) пайдалануу менен интернетте онлайн сойкулукту жана бузукулукту уюштуруу жана жайылтуу” деген пункт менен толуктоо сунушталууда. Тагыраагы, вебкам-студиясын уюштургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Ал эми анда онлайн интимдик кызмат көрсөткөн кыздар адам сатуунун жана бул кызматка мажбурлангандардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн экендигин эске алынып, вебкам-моделдерге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында жоопкерчиликти кароо сунуш кылынат.

Мыйзам долбоорунда вебкам бизнеси менен алектенгендерди 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып пул салуу каралган. Мындай жосунду адамдар тобу уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 300 миң сомго чейин айып пул салынат же 5 жылга чейин соттолот. Ал эми ушундай жорукту уюшкан кылмыштуу топ уюштурса, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталып жатат.

Талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова мыйзам долбоорунда каралган айып пулдардын өлчөмүн көтөрүү сунушун айтса, эл өкүлү Рустамбек Советбек уулу кыздарды алдоо жолу менен ыплас иштерге колдонгон адамдарга карата жаза чарасын күчөтүү жана айып пулдарды максималдуу деңгээлге чейин жогорулатуу сунушун айтты.

Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан