Мектептерде окуу жылынын аякташына карата өтүүчү Акыркы коңгуроо салтанатында 4000ден ашуун милиция кызматкери коопсуздукка жана коомдук тартипке көзөмөл кылат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Малыматка ылайык, 25-май күнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, мектептерде милиция кызматкерлери жана кайгуул күзөт кызматтары иштейт.
"Мектептердеги акыркы коңгуроо иш-чарасынан кийин ата-энелеринин уруксаты менен көптөгөн бүтүрүүчүлөр иш-чараны өз алдынча улантууда. Айрым учурларда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн унааларды башкаруусу кайгылуу кесепеттерге алып келет. Өткөн жылы мындай фактылар орун алган.
Андан сырткары ата-энелердин көзөмөлүнүн жоктугунан көптөгөн балдар тыюу салынган жана белгиленбеген жерлерге сууга түшүшөт. Өткөн жылы жабдылбаган суу объектилеринде, аймактарда өспүрүмдөрдүн каза болгон учурлары катталган.
Муну эске алып, ата-энелерден жана бүтүрүүчүлөрдөн мыйзам бузуулар же аларга өбөлгө түзгөн окуялар аныкталган учурда 102 номуруна кайрылсаңыздар ыкчам түрдө жардам көрсөтүлөт", - деп айтылат маалыматта.