Сузак районуна караштуу Карамарт айылынын Баймаала тилкесинде жер көчкү активдешкен аймак текшерилди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, буга чейин аталган аймактагы 14 үй-бүлө көчүрүү комиссиясы тарабынан коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн. Анын ичинен 4 үй-бүлө туруктуу ордуна кайтып келип, турмуш тиричиликтерин улантууда.
"ӨКМ тарабынан берилген эскертүүлөр канчалык деңгээлде аткарылгандыгы көзөмөлгө алынып, жергиликтүү көчүрүү комиссиясынын алып барган жумуштарына баа берилет", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1020 кооптуу аймак бар. Аталган жерлерде 1067 үй-бүлө турмуш тиричилигин улантып келүүдө. Ал эми турак жайлардын 650сү Сузак районунда жайгашкан.