Бүгүн президент "Жаңы кадам" жалпы республикалык кеңешмеге катышат

Бүгүн, 22-майда президент Садыр Жапаров "Жаңы кадам" социалдык мобилизациялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеге катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага "Социалдык контракт" программасынын мыкты катышуучулары, ошондой эле өз демилгеси менен өз жамааттарын өнүктүрүүгө инвестиция салган жарандар чогулат.

"Социалдык контракт" программасы муктаж үй-бүлөлөргө колдоо механизми катары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ашырылууда.

Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып берүү саат 10:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан