Ибрахим Раиси менен кошо башка тик учакта болгон Ирандын президенттик администрациясынын башчысы Голам-хоссейн Эсмаили президенттик тик учактын кыйрашынын жаңы чоо-жайын айтып берди.
Ал Ирандын IRNA агенттигине учуу учурунда асмандын бир бөлүгүндө гана булут болгонун айтып берген.
"Учуп чыккандан жарым сааттан кийин Сунгун жез кенинин жанында булут бар болчу, бирок туман эмес. Туман капчыгайда болсо болгондур, бирок биздин учуу траекториябызда туман болгон эмес. Президентти ташыган тик учактын командири биздин тик учакка булуттардын үстүнөн учууну тапшырган", - деген ал.
Президенттик аппараттын жетекчиси ушул сүйлөшүүдөн жарым мүнөттөн кийин президент отурган тик учак дайынсыз жоголгонун айткан.
"Биздин учкуч артка бурулуп, тик учакты издеди. Мага президент отурган тик учак кулап калышы мүмкүн деп айтышты. Биздин тик учак бир нече жолу айланып, радио байланыш түзө алган жок. Андан кийин биз Сунгун шахтасына кондук", - деп билдирген Эсмаили.
Андан кийин дайынсыз жоголгон тик учак менен байланышуу аракеттери башталган. Кайра-кайра чалууга Ирандын Тебриз шаарындагы Жума мечитинин имамы, Раиси менен чогуу болгон Сайед Мохаммад-Али аль-Хаш жооп берген.
"Мен өзүмдү жаман сезип жатам, эмне болгонун түшүнбөй калдым, кайда экенимди дагы билбейм. Дарактардын астында жатам, эч кимди көргөн жокмун, жалгызмын", - деп айткандан кийин кайра байланыш үзүлгөн.