ЭЛДИК КАБАР: "25-майга карата мектепте акча чогултуулар азайбай эле, көбөйдү"

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жаңы Кызыл-Суу айылындагы мектепте бүтүрүүчү класстардан акча чогултуулар болуп жатат. Бул тууралуу айыл тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

Анын айтымында, 25-майга карата Октябрдын 70 жылдыгы атындагы орто мектебинин бүтүрүүчү класстарынан акча чогултуулар болууда.

"25-майга карата мектепте акча чогултуулар азайбай эле, көбөйүп кетти. Айылыбыздагы Октябрдын 70 жылдыгы атындагы орто мектептин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө "мектепке баалуу бир нерсе алып бересиңер" дешиптир. Учурда 9-класстын окуучулары музыкалык аппарат жана үн коштогуч алып берүү үчүн акча чогултушууда. Анан дагы эжейине, агайына белек беребиз дешет. Бул үчүн чыгым 20 миң сомдун тегерегинде болот. Балдар иштебесе, биз ата-энелер акчаны каяктан табабыз?" - деди айыл тургуну.

Ошондой эле ал баласы 9-класста окуй турганын айтып, анын эжейине алтын чынжырча алып берүү үчүн акча чогултулуп жатканын билдирди.

"Ал болгону өзү алгысы келген белекти ата-энелердин бирөөсү аркылуу жеткирип жатат да. Болбосо мага белектин кереги жок, албайм десе деле болмок", - деп кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан