Ошто Азиянын блогерлери арасында футболдук беттеш өттү

Ошто А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо алгачкы жолу Азиянын мыкты блогерлеринин башын бириктирген футболдук турнир өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган турнирге Өзбекстан, Казакстандын жана Кыргызстандын Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Ош шаарынан келген блогерлери катышты.

Анда жеңүүчүлөр кубок, медаль, Ардак грамота жана белектер менен сыйланышты.

"Турнир коңшу мамлекеттеги элдердин арасында ынтымакты бекемдөө, жаштарды ынтымакка чакыруу, ошондой эле ордолуу Ош шаарын дүйнөгө таанытуу максатында өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан