Бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкекте төрт көчөдө оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Абдрахманов көчөсүндө унаа тыгыны пайда болуп жаткандыгы тууралуу айтты.
Анын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу Абдрахманов көчөсүнөн бара турган жерге мурда 15-20 мүнөттө жетип келген болсо, азыр бир сааттай убакыт кетет.
"Баарыбызга белгилүү болгондой эле Бишкектеги төрт чоң көчө оңдоо иштерине байланыштуу жабылды. Ошого байланыштуу Абдрахманов көчөсүндө унаа тыгыны пайда болду. Мурда 15-20 мүнөттө жете турган жерге азыр бир саатта жетип жатабыз. Ушул боюнча Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматына, Бишкек мэриясына протоколдук тапшырма берип, бул маселени жөнгө салуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп коюшса жакшы болмок", - деди Алимбеков.