Өлкө боюнча жыл аягына чейин 12 миң ипотекалык батирдин курулушу башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-майда “Жаңы кадам” социалдык мобилизициялоо боюнча республикалык кеңешмеде сөз сүйлөп жатып билдирди.
Айтымында, ушул жылдын аягына чейин 5503 кезекте турган үй-бүлөлөргө батирлер берилет.
"Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу мамлекеттик кызматта иштегендерге гана эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүнчүлүгү пайда болду.
Республикабыз боюнча 11 495 батир курулуп жатат, анын ичинен ушул жылдын аягына чейин 5503 кезекте турган үй-бүлөлөргө батирлер берилет.
Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү бар, 50 пайызын алдын ала төлөй алган жарандарыбызга, өзүнчө программа менен иш баштадык. 50 пайызын алдын ала төлөсө, 50 пайызын мамлекет тарабынан 15 жылга ипотекалык негизде төлөп беребиз.
Бул мурдатан кезекте турган жарандарыбызга тоскоолдук болбойт. Мурдатан бери кезекте турган жарандарыбыздын кезеги бузулбайт. Ошондой эле ушул жылдын аягына чейин 12 миң батирдин курулушу башталат", - деди өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, эмгек министри Гүлнара Баатырова, ошондой эле республиканын бардык аймактарынан келген “Социалдык келишим” программасына киргендер катышууда.