Орусияда коронавирустун FLiRT деген жаңы түрүн жуктургандар катталды

Орусияда жаңы FLiRT коронавирустун 178 учуру катталган. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттигине Орусиянын Роспотребнадзорунан билдирди.

"Бүткүл мониторинг мезгилинде жаңы FLiRT вирусун жуктурган 178 учур аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Ведомство коронавирустун табылган жаңы варианттары башка түрлөргө караганда коркунучтуу эмес экенин белгиледи.

FLiRT варианты менен шартталган оорунун белгилерине ысытма, жөтөл, мурундун бүтүшү же мурундун агышы, тамактын оорушу жана даам же жыттын жоголушу кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан