Ирландия менен Испания Норвегиянын артынан Палестина аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааныды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис Палестинаны тааныганын жарыялады.
"Ирландия Палестинаны көз карандысыз мамлекет катары тааныды", - деген ал.
Анын артынан Испаниянын премьер-министри Педро Санчес да ушундай эле чечимди жарыялады.
Палестина мамлекетин расмий таануу 28-майда күчүнө кирет деп күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин Норвегиянын өкмөтү Палестинаны тааныганын билдирген. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Палестинанын көз карандысыздыгын таануу пландарынан улам Израиль буга чейин Норвегия менен Ирландиядагы элчилерин чакыртып алууну чечкен.