Биз социалдык тармакта

Бишкектеги “Манас” аэропортунда эвакуация жүрүп жатат (видео)

Бишкектеги "Манас" Эл аралык аэропортунда бомба коюлган деген маалыматтан улам жарандар эвакуацияланууда. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Бүгүн, 22-майда аэропорттогу адамдар эвакуацияланып жатат. Буга аэропорттун терминалынын аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат чыккандыгы себеп болгон. Мындан улам толук эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Учакты каттоо дагы токтотулду.

Белгилей кетсек, 16-майда да жардыруу болду деген маалыматтан улам "Манас" аэропортунун кызматкерлери менен жүргүнчүлөрү эвакуацияланган. Бирок эч нерсе табылган эмес.

"Манас" аэропортунда эвакуция жүрүп жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан