Бишкектеги Бакаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги асфальт алынып, тешилген соң кайра жамабай кетип калышкан. Бул тууралуу окурмандар билдирди.
Окурмандын айтымында, жакында эле бул кесилиште түтүктү жамоо иштери жүргөн. Алар асфальтты казып алып салышып, жумуш бүткөндөн кийин жамабай кетип калышкан. Ал жерден Кытайдан келген жаңы автобустар дагы өтөт.
"Бүтпөгөн жол автобустун баарын талкаламай болду", - деп нааразы болду ал.
Ошондой эле окурман мунусунда калың болуп казылганы, мындан улам айрым унаалардын асты жерге тийип жатканын, казылган жердин айынан унаа тыгыны дагы болуп жатканын кошумчалады.