Биз социалдык тармакта

Өлкө аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт 

Өлкө аймагында 24-25-26-май күндөрү туруксуз аба ырайына байланыштуу үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-майда күндүз жана 27-майда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.

"Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

27-майда түнкүсүн жана эртең менен Нарын облусунун дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүктүн жүрүшү жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунуч туудурат" деп билдиришти мекемеден.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан