Биз социалдык тармакта

Жыл башынан бери мыйзамсыз сатылган 100 миң литрдей бензин алынды

Мамлекеттик салык кызматы 4 ай жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун алкагында 98,6 миң литр мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу материалдар аныкталып, алынганын билдирди.

Билдиргендей, АИ-92 үлгүсүндөгү 52,7 миң литр, АИ-80 үлгүсүндөгү 33,6 миң литр бензин жана 12,3 миң литр дизелдик отун алынган. Аныкталган мыйзам бузууларга 943 миң сом административдик айып салынган.

"Күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене сатуу автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны пайдалануу менен май куюучу жайларда ишке ашырылууга тийиш", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан