Нарын шаарында бир катар аймактарды видео байкоого алуу үчүн облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте камералар коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Нарын мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, унаа кыймылдарынан тышкары, уруксат берилбеген жерлерге таштанды төккөн тургундар аныкталып, чара көрүлөт.