Ички иштер министрлигинин дарегине айтылган Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин дооматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Билдиргендей, 13-май күнү түндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуя тууралуу милицияга маалымат түшүп, өз убагында Кайгуул кызматынын кызматкерлери жана ыкчам тергөө тобу жөнөтүлгөн.
"Бул факты өз убагында катталып, бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, процессуалдык чечим кабыл алынган. Андан сырткары 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенет. Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат.
18-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган. ИИМ чет өлкөлүк жарандарга карата зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот", - деп айтылат маалыматта
Ошондой эле милиция аталган окуя боюнча 9 кылмыш иши козголгонун белгиледи.
"Бейбаштык боюнча 3, массалык башаламандык менен 3 жана тоноо, каракчылык, расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козгоо фактыларына ылайык иш козголгон. Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу катары табылып, 6 кыргыз жаранына жана 4 чет өлкөлүк жаранга айып тагылган", - деп кошумчалады.
Мындан тышкары ИИМ учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, окуянын бардык жагдайлары кылдат иликтенерин маалымдады.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-майдагы парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешев чет элдиктер менен болгон окуяга ИИМ тарабынан өз убагында реакция болбогонун жүйө келтирип, министр Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.