Биз социалдык тармакта

Ошто тоо көргөнү келген туристтерге 140 гид жардам берет. Алар атайын окуудан өтүштү

Ош шаарында Тоо туризми жана тоо гиддеринин ишмердүүлүгү курсунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, беш күндүк окуу курсун 140 студент аяктап, аларга тоо туризмин өнүктүрүү багытында маалыматтар берилген.

Курстун катышуучуларына практикалык көндүмдөр, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери үйрөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Иш-чарага туризм боюнча эксперт Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов, Дестинация Ош, АРИСтин, ОшМУнун өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан